Ли Чжэ Мён Түштүк Кореянын президенти болуп шайланды. Куттуктоо
- 1 месяц мурун
Ли Чжэ Мён Түштүк Кореянын президенти болуп шайланды. Ал мөөнөтүнөн мурда шайлоодо оппозициялык демократиялык партиядан жеңишке жетишти.
Түштүк Кореянын борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Ли Чжэ Мён 49,42% добуш алды. Анын негизги атаандашы оңчул “Элдин күчү” партиясынан Ким Мун Су 41, 15% добушка ээ болду.
Өлкөнүн мурдагы президенти Юн Сок Ёл кызматтан четтетилгендигине байланыштуу Ли Чжэ Мён өткөөл мезгили жок, дароо кызматка киришти.
Президент Садыр Жапаров Ли Чжэ Мёнду президент болуп шайланышы менен куттуктады.
“Кыргыз Республикасынын элинин жана өзүмдүн атымдан сизди президенттик шайлоодогу ишенимдүү жеңишиңиз жана Корея Республикасынын президенти болуп шайланганыңыз менен чын дилимден куттуктайм. Президенттик шайлоонун жыйынтыгы республиканын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүн камсыз кылууга багытталган прагматикалык саясатыңызга болгон элдин ишениминин жана колдоосунун айкын далили. Сиз менен бирге мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыкты мындан аркы бекемдөөгө салым кошууга даяр экенимди билдирем” деп айтылат куттуктоодо.
2024-жылы 14-декабрда парламент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялаган.
2024-жылы 3-декабрда Түштүк Кореянын ал кездеги президенти Юн Сок Ёл өлкөгө аскердик абал киргизген. Бирок ошол эле күнү парламенттин депутаттары аскер абалын киргизген президенттин жарлыгын четке кагуу чечимин кабыл алган. Бул окуядан кийин Түштүк Кореянын оппозициялык алты партиясы, анын ичинде “Тобуро” демократиялык партиясы, Улуттук жыйынга (парламент) өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо боюнча сунуш беришкени белгилүү болгон.
Түштүк Кореянын конституциялык соту президент Юн Сок Ёлдун импичментин бекиткенин Reuters агенттиги билдирди. Конституциялык соттун сегиз судьясы президент ыйгарым укуктарынан аша чаап, өлкөгө аскер абалын киргизгендигине каршы добуш беришти.
Сүрөт: GETTY IMAGES