Пусан аэропортунда учактан өрт чыкты. Жүргүнчүлөрдү эвакуациялоого үлгүрүштү
- 2 месяца мурун
Түштүк Кореянын Пусан эл аралык аэропортунда 28-январда учактан өрт чыкты. Бул тууралуу «Рёнхап» агенттиги билдирди.
Учак Гонконгго учуп бармак. Өрт учактын канат жагынан чыгып, жайылып кеткен.
Ошол учурда учакта 169 жүргүнчү жана экипаждын 7 мүчөсү болгон. Бул окуядан жабыркагандар жок. Ал эми өрт эмне себептен чыкканы айтылган эмес.
Сүрөт: Соцтармактан
Муну бөлүшүү