Түштүк Кореянын конституциялык соту президент Юн Сок Ёлдун импичментин бекитти
- 1 месяц мурун
Түштүк Кореянын конституциялык соту президент Юн Сок Ёлдун импичментин бекитти. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
Конституциялык соттун сегиз судьясы президент ыйгарым укуктарынан аша чаап, өлкөгө аскер абалын киргизгендигине каршы добуш беришти.
Конституциялык соттун бул чечими өлкөдө 60 күндүн ичинде президенттик шайлоо өтүшү керек экендигин билдирет.
Жаңы президент шайлангыча анын милдетин премьер-министр Хан Док Су аткармакчы. Хан Док Суга да импичмент жарыяланган, бирок марттын аяк ченинде сот ал чечимди бекиткен эмес.
Юн Сок Ель 2024-жылы декабрь айында өзүнө импичмент жарыяламак болгон парламентке тоскоолдук жаратуу үчүн өлкөгө өзгөчө кырдаал абалын киргизген.
Парламент бир нече сааттан кийин аскер абалын жоюуга жетишкен, ал эми ал кездеги президент козголоң салууга шыкак берүүгө айыпталган.
Ал суракка келбегенден кийин сот аны кармоого жана резиденцияны тинтүүгө алууга ордер берген. 3-январда Юн Сок Ёлду кармап кете алышкан эмес, Юн 15-январда кармалган.
2024-жылы 14-декабрда парламент Юн Сок Ёлго импичмент жарыялаган.
2024-жылы 3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл өлкөгө аскердик абал киргизген. Бирок ошол эле күнү парламенттин депутаттары аскер абалын киргизген президенттин жарлыгын четке кагуу чечимин кабыл алган. Бул окуядан кийин Түштүк Кореянын оппозициялык алты партиясы, анын ичинде “Тобуро” демократиялык партиясы, Улуттук жыйынга (парламент) өлкөнүн президенти Юн Сок Ёлго импичмент жарыялоо боюнча сунуш беришкени белгилүү болгон.
Сүрөттө: Юн Сок Ёл. AP