Түркиянын президенти Эрдоган куткаруучуларга сыйлык тапшырды

  • 1 год мурун

Анкара шаарындагы президенттик сарайда Түркиянын түштүк-чыгышында 6-февралда болгон жер титирөөлөрдөн улам куткаруу иштеринде жана кырсыктын кесепеттерин жоюуда олуттуу жардам көрсөткөн чет өлкөлүк издөө-куткаруу топторуна жана дипломаттарга мамлекеттик сыйлык тапшыруу аземи өттү.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин улук лейтенанты Темирлан Жумамүдүновго «Адамдарды куткаруудагы эрдиги жана жан аябастыгы үчүн» медалын ошондой эле Түркиядагы элчии Руслан Казакбаевге Ардак грамота тапшырды.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) издөө-куткаруу топтору Түркиядагы куткаруу иштеринин жүрүшүндө урандылардын алдынан 8 тирүү адам жана 198 каза болгондордун сөөгүн чыгарышкан.

Мындан тышкары, Кыргызстан жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү үчүн талаа ооруканасын, ошондой эле Кахранманмараш шаарында боз үй шаарчасын тапшырган.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты