Түркияга жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга барган куткаруучулар кайтып келишти

  • 1 год мурун

Түркия мамлекетиндеги жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда, издөө-куткаруу иштерин, милдеттерин так аткарышкан куткаруучуларды тосуп алуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Манас” эл аралык аэропортунда куткаруучуларды Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев, Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган жана ӨКМдин өздүк курамы тосуп алды.
Кыргызстанга аман-эсен келген куткаруучуларды куттуктаган Бообек Ажикеев эки өлкөнүн ар тараптуу кызматташтыгына жана куткаруучулардын аткарган ишин жогору баалады.
«Табигый кырсыктан жапа чеккен түрк элине жардам берүүгө 182 адам жөнөтүлгөн. Анын ичинде 6 дарыгер, 5 боз үй тигүүчү болсо, калганы ӨКМдин куткаруучуларынан турат.

Биздин куткаруучулар жер титирөө катталган аймакта жалпысынан 8 адамды уранды алдынан аман алып чыгып, 198 адамдын сөөгүн табышты.

«Инсараг» эл аралык уюмуна кошулуу үчүн куткаруучуларды күжүрмөн даярдыкка келтирүүдө Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу мырзанын берген кеңеши, жардамы менен бир катар ийгиликтерди жарата алдык», – деди министр.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты