Түркияга жардам көрсөтүү эсебине каражаттар түшүүдө  

  • 1 год мурун

Бүгүн, 13-февралда, саат 10-00гө карата  жер титирөөдөн жабыркаган Түркия жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 4 млн 958 834,41 сом жана 12 550 миң рубль чогулду.

Бул тууралуу финансы министрлиги кабарлады.

Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн финансы министрлигинин борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылды. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Түркия менен Сирияда зилзалада набыт болгондордун саны 30 миңден ашты. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, бул сан эки эсе көбөйүшү ыктымал. Эки өлкөдө жараат алгандар он миңдеп саналат. Жүз миңдеген киши баш паанексиз калды. Издөө-куткаруу иштерине 70тен ашуун өлкөдөн келген адистер тартылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты