Ошто салыктан түшкөн каражатты бөлүштүрүү пилоттук долбоору жөнүндө жарлыкка кол коюлду
- 1 неделя мурун
Министрлер кабинети 2026-жылдын 1-июнунан баштап 2027-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине сатуудан алынуучу салыктан жана бирдиктүү салыктан түшүүлөрдү бөлүштүрүү боюнча пилоттук долбоор өткөрөт.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Бул салыктык түшүүлөрдү адилеттүү бөлүштүрүүнү камсыз кылуу жана Ош шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.
1. Министрлер кабинети 2026-жылдын 1-июнунан баштап 2027-жылдын 1-июнуна чейинки мезгилде Ош шаарынын жергиликтүү бюджетине аларды чегерүүнүн төмөнкүдөй пропорциялар карлаган:
1) сатуудан алынуучу салыктын 50 пайызы;
2) бирдиктүү салыктын 15 пайызы.
Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.
Сүрөт: president.kg




