2027-жылдын 1-январынан баштап мектеп тамак-ашына бөлүнчү каражат көбөйөт
- 1 месяц мурун
2027-жылдын 1-январынан баштап окуучунун мектептеги бир күндүк тамак-ашын каржылоо ченеми 40 сомго чейин жогорулатылат.
Тиешелүү чечимди президент Садыр Жапаров кабыл алды.
Азыркы учурда жалпы билим берүү уюмдарынын 1-4-класстарынын окуучуларынын тамактануусу республикалык бюджеттин эсебинен бир окуучуга күнүнө 14 сом өлчөмүндө каржыланат.
Каржылоо ченемин 40 сомго чейин жогорулатуу эт жана балык тамактарын, сүт азыктарын рационго көбүрөөк кошууга, жашылча-жемиштердин ассортиментин кеңейтүүгө, тамак-аштын ар түрдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле белок, май жана углеводдор боюнча тамактануунун тең салмактуулугун жакшыртууга мүмкүндүк берет.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




