Түркиядагы зилзалада жардамга барган кыргызстандык куткаруучуларды сыйлоо сунушу айтылды

  • 1 год мурун

Мамлекет башчы Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевге Түркиядагы издөө-куткаруу иштеринде өзгөчөлөнгөн куткаруучуларды сыйлоо боюнча сунуш киргизүүнү тапшырды.

Бул тууралуу сунушту мамлекет башчы өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алуу учурунда, бүгүн, 22-февралда билдирди.  

Мындан тышкары, Президент Садыр Жапаров өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жаз-жай мезгилине мүнөздүү табигый кырсыктардын алдын алуу иштерин күчөтүү керектигине токтолду. 

6-февралда саат 04:17де Түркиянын жети провинциясында очогунда күчү 7,4 (7,6-7,7)  баалга жеткен жер титирөө катталганы маалым. Жер титирөөнүн очогу Газиантеп шаарынан 26 чакырым жерине туура келген . Андан соң Адана, Анкара, Анталья,  Газиантеп, Кайсери, Мерсин, Трабзон, Урфада, ошондой эле Сирияда жана Ливанда болгон.

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) издөө-куткаруу топтору Түркиядагы куткаруу иштеринин жүрүшүндө урандылардын алдынан 8 тирүү адам жана 198 каза болгондордун сөөгүн чыгарышкан.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты