Түркиядагы мелдеште Эрназар Акматалиев алтын медаль жеңип алды

  • 2 месяца мурун

Түркиядагы эл аралык  Yasar Dogu&Vehbi Emre аттуу мелдеште кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев алтын медаль тагынды.

Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев Фейсбук баракчасында билдирди.

Эрназар Акматалиев 10-мартта эркин күрөш боюнча 70 килограммга чейинки салмакта катышты. Бул категорияда жалпысынан 23 спортчу күч сынашты. Балбан үч жолу катары менен жеңишке жетип, финалга чыкты.

Аталган мелдеште 57 кг салмакта Алмазбек уулу Бекзат жана 65 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков алтын медаль тагынышты. Ал эми Мирназар уулу Бекболот менен Алмаз Ысманбеков коло медалга ээ болушту.

Буга чейин кыргызстандык Айпери Медет кызы эл аралык  Yasar Dogu&Vehbi Emre аттуу мелдеште алтын медалга татыктуу болгон.

Мелдеш Анталья шаарында 7-мартта башталып, 10-мартка чейин созулду.

Сүрөттө: Эрназар Акматалиев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты