Азия — Тынч океан чемпионатында Кыргызстан курама командасы 3-орунду ээледи
- 13 часов мурун
- Жаңылыктар
Малайзиянын Пенанг шаарында 3-октябрдан 10-октябрга чейин сурдоспортчулар арасында Азия-Тынч океан чемпионаты өттү. Кыргызстандын сурдоспортчулар курама командасы командалык курамда алгачкы жолу катышып, үчүнчү орунду жеңип алды.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Үстөл тенниси боюнча мелдештерге Кыргызстандын атынан жалпы үч спортсмен катышты. Мелдештин жыйынтыгында командалык эсепте Кыргызстан үчүнчү орунду ээлеп, спортсмендер коло медалдарга ээ болушту.
Курамда Акжолтой Токбаева, Жанара Табылдыева, Аделя Садыкова катышты. Курама команданын машыктыруучусу — Жанболот Тилемиш уулу .
Кыргызстандык спортчулар командалык курамда аталган мелдешке алгачкы жолу катышты.
Муну бөлүшүү




