Кыргызстандык балбандар Түркиядагы мелдеште эки алтын, эки коло медалга ээ болушту

Түркиядагы эл аралык  Yasar Dogu&Vehbi Emre аттуу мелдеште кыргызстандык балбандар 57 кг салмакта Алмазбек уулу Бекзат жана 65 кг салмакта Улукбек Жолдошбеков алтын медаль тагынышты.

Ал эми Мирназар уулу Бекболот менен Алмаз Ысманбеков коло медалга ээ болушту.

Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев Фейсбук баракчасында билдирди  

Буга чейин кыргызстандык Айпери Медет кызы эл аралык  Yasar Dogu&Vehbi Emre аттуу мелдеште алтын медалга татыктуу болгон.

Мелдеш Анталья шаарында 7-мартта башталып, 10-мартка чейин созулат.

Сүрөттө: Улукбек Жолдошбеков.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты