Айпери Медет кызы Түркиядагы мелдеште биринчиликти жеңип алды
- 2 месяца мурун
Кыргызстандык Айпери Медет кызы Түркияда эл аралык Yasar Dogu&Vehbi Emre аттуу мелдеште алтын медалга татыктуу болду.
Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев Фейсбук баракчасы аркылуу кабарлады.
Мелдеш Анталья шаарында 7-мартта башталып, 10-мартка чейин созулат. Медет кызы 76 килограмм салмакка чейинки категорияда катышты.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү