Дүйнөлүк VI көчмөндөр оюндары: Тыйын эңмей мелдеши жыйынтыкталды

Бүгүн, 4-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы Көк-Бөрү аренасында VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында тыйын эңмей боюнча мелдештер жыйынтыкталды.

Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Аталган мелдешке жалпы 11 мамлекеттен 11 спортчу катышып, төмөнкүдөй жыйынтыктар болду.

1-орун- Канат Бактыбай (Казакстан)

2-орун- Азим Эсенбек уулу (Кыргызстан)

3-орун- Байболат Акылбек (Монголия).

Жеңүүчүлөргө 1-орунга -150 миң сом, 2-орунга — 100 миң сом, 3-орунга 80 миң сом ыйгарылды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда 31-августтан 6-сентябрга чейин өтөт.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты