Түркияда тик учактын кулашынан каза болгон эки кыргызстандыктын сөөгү Мекенге жеткирилди

  • 8 месяцев мурун

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркиядагы чет өлкөлүк мекемелери менен бирге Измир провинциясынын Мендерес аймагында тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын эки жаранын жаранынын сөөктөрүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыкты. 20-сентябрда каза болгондордун сөөктөрү Кыргызстанга жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Түркияда өрт өчүрүүгө катышкан тик учактын кулашынан кыргызстандык Э.И. аттуу жаран аман калган. Анын абалы туруктуу, көптөгөн жерлери жабыркаган. Каза тапкан кыргызстандыктар О.О. жана Я.Л.нын сөөгү табылганы кабарланган.

16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз Республикасынын жараны экени маалымдалган. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты