Корумду чокусунда дайынсыз болгон чет өлкөлүк үч альпинисттин сөөгү табылды
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Корумду чокусунда дайынсыз болгон чет өлкөлүк үч альпинисттин сөөгү табылганы айтылды. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун жетекчиси Александр Смирнов Фейсбук баракчасында билдирди.
“16-августта эртең менен учуп бара жаткан дрон кар жана таш түшкөн жерди тартып алган. Андагы жазууларды карап, мурдараак табылган кийим-кеченин жанынан жаңы көргөндөр катышуучулардын сөөгү деп атоого негиз берет. Сөзүбүз так болушу үчүн биз эмнени көргөнүбүздү айта кетели: Андагы адамдарды көрсөткөн жок, баары кар жана таш менен дээрлик жабылып калган, биз алар кийген бут кийимдерди, айрым жабдыктарын, кийимдерин жана сөлөкөттөрдү көрдүк. Алар дайынсыз болгон альпинисттердин сөөгү дедик. Альпинисттердин сөөгү түшүрүлгөндөн кийин, так маалымат айта алабыз. Ага чейин биз алардын атын атабай турабыз, чоо-жайын кийинчерээк айтабыз. Үй-бүлөлөрү бул тууралуу кабардар” деп билдирди ал. “Бир гана айтаарыбыз чокуда аларды бир жип бириктирип турат, бул алар чогуу келе жатышканынан кабар берет, ал эми ылдый жакта биз ал үчөөнүн тең кийим-кечелерин таптык” деп билдирди.
Тоодо аба ырайы бузулуп, куткаруучулар кайра кайткандыгы айтылат. Алдыда табылгандардын сөөгүн тоодон ылдый түшүрүү маселеси турат. Бирок куткаруучу адамдардын коопсуздугуна биринчи көңүл бурулаары айтылат.
Издөө-куткаруу тобунун жетекчиси куткаруу операциясына катышкандарга, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, дрон операторлоруна, жергиликтүү калкка жана ыктыярчыларга ыраазылык билдирди.
Эске сала кетсек, Беларусь жарандары Максим Полянский, Николай Свиридов жана Литвадан Сергей Рубцов 2-августта Корумду чокусуна чыгышкан. Алар 4-августта ылдый түшө башташмак. Бирок алар белгиленген убакытта байланышка чыгышкан эмес. Андан кийин аларды издөө башталган.
Корумду чокусу Кыргызстандын Чоң-Алай кырка тоолорунда, Ленин чокусунан чыгышта, Кыргызстан, Тажикстан, Кытай чек арасында жайгашкан.
Сүрөт: Социалдык тармактан




