Каспий деңизиндеги аскердик машыгууда курман болгондорго байланыштуу Жапаров Токаевге көңүл айтты  

Президент Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты.

“Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстан Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларынын каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм” деп айтылат телеграммада.

Казакстандын Аскер-деңиз күчтөрүнүн Каспий деңизиндеги аскердик машыгуусу учурунда 19 аскер кызматкери деңизге чөгүп, анын 9 кызматкери каза болуп калган, үчөө аман калган, бирөө ооруканага жаткырылган, калгандарын издөө улантылууда. Кийин каза болгондордун саны 12ге жетти деген маалымат тарады.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты