Түркияда тик учактын кулашы: Аман калган кыргызстандык – ооруканада, экөөнүн сөөгү табылды  

  • 8 месяцев мурун

Түркияда өрт өчүрүүгө катышкан тик учактын кулашынан кыргызстандык Э.И. аттуу жаран аман калган. Анын абалы туруктуу, көптөгөн жерлери жабыркаган. Каза тапкан кыргызстандыктар О.О. жана Я.Л.нын сөөгү табылды.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

ТИМдин маалыматы боюнча, тик учактын кулашынан каза болгон Кыргыз Республикасынын жараны Я.Л.нын сөөгү табылды. Ага чейин О.О.нун сөөгү табылган.  


16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз Республикасынын жараны экени маалымдалган. 

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугу өрт өчүрүүгө көмөктөшкөн тик учактын кулашынан аман калган кыргызстандык Э.И.нин ооруканадан ал-абалын билген. Анын абалы туруктуу, көптөгөн жерлери жабыркагандыгы белгиленди.

Кыргызстандыктар О.О.нун жана Я.Л.нын сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү маселеси боюнча Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдугу иштеп жаткандыгы маалымдалды. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты