Түркияда кулаган тик учак ичиндеги үч кыргызстандыктын бири ооруканада, экөө изделүүдө

  • 7 месяцев мурун

16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Түркиянын Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөн. Түркиянын айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматы боюнча, тик учакта 4 адам болгон, алардын үчөө Кыргыз Республикасынын жараны. Учурда бир кыргызстандык ооруканада, калган жарандар боюнча издөө иштери уланууда.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлиги 17-сентябрда билдирүү таратты.

Башкы консулдуктун кызматкерлери окуя болгон жерге, кырсыктын чоо-жайын тактоо, Кыргызстандын жарандарына керектүү жардамдарды көрсөтүү максатында жолго чыгышканы айтылды.

Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги жана Стамбулдагы Башкы консулдугу Измирдеги тиешелүү мамлекеттик органдар менен тыгыз байланышта жана бул маселе алардын өзгөчө көзөмөлүндө экени маалымдалды..

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты