Түркия Орусияны Украинага каршы аскер операциясын токтотууга чакырды  

  • 2 года мурун

Түркиянын тышкы иштер министрлиги Россиянын Украинага каршы аскер операциясы тууралуу билдирүү таратты.  

-Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүнүн Украинага каршы аскер операциясын алгылыксыз деп эсептейбиз жана андай аракетти четке кагабыз.

Минск келишимдерин бузуудан тышкары бул кол салуу эл аралык укукту одоно бузуу болуп эсептелет жана бул биздин аймакка жана бүтүндөй дүйнө коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет.

Түркия аймактык бүтүндүктү жана өлкөнүн эгемендигин сыйлоо керек деп эсептеп, чек араны куралдын күчү менен өзгөртүүгө каршы турат.

Россия Федерациясын акыйкатсыз жана укукка каршы аракеттерин мүмкүн болушунча тезирээк токтотууга чакырабыз.   

Украинанын саясий биримдигин, эгемендигин жана аймактык бүтүндүгүн сактоого биздин колдообуз улантыла бермекчи, -деп айтылат билдирүүдө.

Орусиянын Президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим чыгарганын жарыялады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский дүйнө лидерлерин антипутиндик коалиция түзүүгө чакырды.

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын Донбасста атайын аскердик оперция баштоо чечимин айыптады.

Украинанын Президенти Владимир Зеленский Орусиянын чабуулуна байланыштуу Киев Москва менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялады.

Орусиянын ракеталык чабуулдарынан улам Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 40тан ашуун кызматкери каза болду, ондогон жоокер жаракат алды. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович 24-февралда атайын брифингде кабарлады.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты