Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер дагы эки айга камакта калтырылды
- 4 недели мурун
Бүгүн, 28-мартта, Бишкек шаарынын Свердло районунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, мүчөсү Ирина Карамушкина жана тарапташы Роза Түрксевердин иши боюнча сотто алдын ала угуу болду.
Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Фейсбук баракчасында билдирди.
Сот Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина, Роза Түрксевердин камактагы мөөнөтүн дагы узартып, 2028-жылдын 28-майына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Адвокаттар алардын ишинин тергөөсү аяктаганын, иш сотко өткөнүн, камакта кармоого негиз жок экенин айтышты. Кийинки сот отуруму 8-апрелге белгиленди.
Соттук материалдарга «жашыруун» белгиси коюлган. Ал алынган жок.
“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинага жана Роза Түрксеверге алдамчылык беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши ачылып, сотко өткөн.
2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Түрксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
2024-жылы 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Түрксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Андан бери алардын абактагы мөөнөтү узартылып жатат.
2025-жылы 8-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкинанын жана тарапташы Роза Түрксевердин абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узартты.
Сүрөт: Интернет булактарынан