Темирлан Султанбековго, Ирина Карамушкина жана Роза Түрсеверге дагы бир кылмыш иши ачылды

  • 1 неделя мурун

“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинага жана Роза Түрксеверге алдамчылык беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши ачылып, сотко өттү. Сот отуруму 13-мартка коюлду.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна партиянын мүчөсү Кадырбек Атамбаев билдирди.

Буга  чейин “Социал-демократтардын” лидерине жана эки мүчөсүнүн кылмыш иштерине “жашыруун” белгиси киргизилген. Бул жашырууну белги азыр да алынган жок.  

2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Түрксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

2024-жылы 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Түрксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Андан бери алардын абактагы мөөнөтү узартылып жатат.

2025-жылы 8-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, партиянын мүчөсү Ирина Карамушкинанын жана тарапташы Роза Түрксевердин абактагы мөөнөтүн 13-мартка чейин узартты. 

Сүрөт: Интернет булактарынан

    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты