Сот Жоомарт Оторбаевди үй камагына чыгарды  

  • 2 года мурун

Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев эч жакка чыкпоо кепилдиги менен үй камагына чыгарылды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарганын соттун басма сөз кызматы билдирди.  

Дагы бир экс-премьер-министр Темир Сариев эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бүгүн УКМК убактылуу камак жайынан үй камагына чыгарылды.

Буга чейин Кумтөр иши боюнча Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду жана мурдагы өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевди 30-ноябрга чейин УКМКнын абак жайында кармоо чечимин кабыл алган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты