Сот Тилекмат Куреновду 19-сентябрга чейин камакта калтырды

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 15-июлда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда активист Тилекмат Куреновдун баш коргоо чарасы каралды. Сот Тилекмат Куреновду (Тилекмат Кудайберген уулу) 19-сентябрга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарды.

Бул маалыматты соттук отурумду чагылдырууга барган «ПолитКлиниканын» кабарчысына анын жактоочусу Айбек Турдуев билдирди.

Соттук отурумга Тилекмат Куреновдун атасына жана жактоочусуна гана кирүүгө уруксат берилди. Ал эми сот залына журналисттер киргизилген жок.

21-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Тилекмат Куреновдун бөгөт чарасын карап, аны 2025-жылдын 19-майына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 19-апрелде  конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден  кармалып, Кыргызстанга жеткирилди (Кудайберген уулу Тилекмат. Куренов -ред.).

Буга чейин Тилекмат Куреновго байланыштуу адамдар кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган массалык башаламандыкка шектелип кармалгандыгын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирген.

Активист Тилекмат Куренов 2021-жылы 15-мартта да кармалган. Соттун чечими менен Тилекмат Куренов бийликти күч менен басып алууга үндөө беренеси (кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) боюнча 1 жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөттө: Тилекмат Куренов. Кармалганда УКМК тараткан сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты