Сот Мелис Аспековду абакта калтыруу чечимин чыгарды

  • 2 года мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 250 миң доллар талап кылган деген шек менен кармалган активист Мелис Аспековдун ишин карады.

Сот адвокаттын Мелис Аспековдун күнөөсү жок экенин жана жүрөгүнө операция жасатканын эске алууну өтүндү.  

 Сот өтүнүчтү канааттандырган эмес, активист абакта калды.

Белгилей кетсек, Мелис Аспеков жана Улан Жураев 2021-жылдын январында «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын тиешелүү адамдарынан 250 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган деген шек менен кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар өздөрүн президент Садыр Жапаровдун жакын адамдары катары тааныштырып, ишкананын ишмердүүлүгүн текшерип, жетекчиликке каршы митингдерди уюштурабыз деп коркутушкан.

Аталган факты боюнча шектүү катары кармалгандардын бири Улан Жураевди сот күнөөлүү деп таап, 260 миң сом өлчөмүндө айыпка жыккан.

24-майда Аспековго карата Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен дагы бир айып тагылган. Мелис Аспеков экинчи айып тагылгандан кийин, 21-майда №1 тергөө абагына которулган.

Августта Аспековдун жүрөгүнө «Бикард» менчик клиникасында операция жасалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты