Мелис Аспеков инфаркт алып, ооруканага түштү

  • 3 года мурун

№1 тергөө абагында отурган жарандык активист Мелис Аспеков инфаркт алып Улуттук кардиология борборуна жаткырылды. Бул тууралууу анын иниси Азамат Аспеков билдирди.

Инисинин айтымы боюнча Мелис Аспековдун абалы үч күн мурун оорлошо баштаган. “»Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлеринин шалаакылыгы болуп калды. Жаш доктур кызды киргизип, абалы жакшы деп коюшкан. Азыр эс-учун билбей, кома абалында жатат», — деди Азамат Аспеков.

Жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен быйыл 8-январда кармалган. УКМК экөөнө каршы Жазык кодексинин “Опузалап талап кылуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

24-майда Аспековго карата Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен дагы бир айып тагылган. Мелис Аспеков экинчи айып тагылгандан кийин, 21-майда №1 тергөө абагына которулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты