Акча опузалоого айыпталып кармалган Мелис Аспеков реанимацияга түштү

  • 2 года мурун

Акча опузалоого айыпталып жаткан активист Мелис Аспеков Улуттук кардиология борборунун жандандыруу бөлүмүнө түштү. Бул тууралуу адвокат Сергей Манукяндын маалыматына таянып 24.kg агенттиги жазды.

Жактоочунун айтымында, Аспеков 17-ноябрда «Бикард» клиникасынан №1 тергөө абагына которулган. Бир суткадан кийин айыпталуучунун абалы начарлап кеткен.

«ТИЗО-1дин кызматкерлери тез жардамды чакырып, Мелис Аспековду Улуттук кардиология борборуна алып барышкан. Ооруканада аны дароо эле жандандыруу бөлүмүнө жаткырышкан. Мен судьяга соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү тууралуу арызды кезексиз кароо өтүнүчү менен кайрылдым. Бирок судья өтүнүчтү аткаруудан баш тартты. Мелис Аспеков оор операцияны башынан өткөрдү, аны камактан бошотуу зарыл «, — деп билдирген Сергей Манукян.

Белгилей кетсек, Мелис Аспеков жана Улан Жураев 2021-жылдын январында «Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасынын тиешелүү адамдарынан 250 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылган деген шек менен кармалган. Тергөөнүн версиясына ылайык, алар өздөрүн президент Садыр Жапаровдун жакын адамдары катары тааныштырып, ишкананын ишмердүүлүгүн текшерип, жетекчиликке каршы митингдерди уюштурабыз деп коркутушкан.

Аталган факты боюнча шектүү катары кармалгандардын бири Улан Жураевди сот күнөөлүү деп таап, 260 миң сом өлчөмүндө айыпка жыккан.

24-майда Аспековго карата Жазык кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен дагы бир айып тагылган. Мелис Аспеков экинчи айып тагылгандан кийин, 21-майда №1 тергөө абагына которулган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты