Сот Болот Назаровду бир айга камоо чечимин кабыл алды  

Чүй районунун Москва райондук сотунда судья Атабек Сулайманов төкмө акын Болот Назаровду бир айга СИЗО-1ге камоо чечимин кабыл алды.

Бул тууралуу Болот Назаровдун адвокаты Бакытбек Автандил билдирди.

Сотто арыз берүүчү чыгып сүйлөп, Назаровго дооматы жок экенин айткан.

Буга чейин Болот Назаровдун адвокаты Бакытбек Автандил Назаровдун бөгөт чарасын кароодо жабырлануучуга арыз берүүдөн баш тартууга тоскоол болуп жатышканын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирген.

Адвокат Бакытбек Автандил Назаровду камоого эч кандай негиз болгон эместигин белгиледи.

Буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы төкмө акын Болот Назаров тоноочулукка шектелип кармалганын кабарлаган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты