Болот Назаровдун кармалышы: Арыз ээсине арыздан баш тартууга тоскоол болушууда

Чүй облусунун Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровдун бөгөт чарасын кароодо жабырлануучуга арыз берүүдөн баш тартууга тоскоол болуп жатышат. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагына Болот Назаровдун адвокаты Бакытбек Автандил жазды.

-Москва райондук сотунда Болот Назаровдун бөгөт чарасы кароодо сотко арыз берүүчү келип, Назаровго эч кандай дооматы жок экенин айтты. Сот процессине УКМКнын кайсы бир кызматкери кирип келип, арыз берүүчүнү арыз берүүдөн баш тартпоону, сотко катышпоого чакырууда, -деди адвокат.     

Болот Назаров ал иш тууралуу айтып, атты ага мингизишкен экен деп түшүнүп алып, күлүктү чаптырып кеткенин, бирок кайра ээсине кайтарып бергенин бул видеодо айтып жатат.

Буга чейин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы төкмө акын Болот Назаров тоноочулукка шектелип кармалганын кабарлаган.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрда милицияга Москва районундагы Беловодское айылынын тургуну кайрылып, Чоң-Арык айылына жакын жердеги талаадан белгисиз адам 14 жаштагы уулунан сүрөткө түшүү үчүн атын сурап алып качып кеткенин айткан. Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноочулук) негизинде кылмыш иши козголуп, 9-ноябрда кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Н.Б. кармалган.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты