Төкмө акын Болот Назаров тоноочулукка шектелип кармалганы кабарланды

  • 1 год мурун

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы төкмө акын Болот Назаров тоноочулукка шектелип кармалганын кабарлады.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрда милицияга Москва районундагы Беловодское айылынын тургуну кайрылып, Чоң-Арык айылына жакын жердеги талаадан белгисиз адам 14 жаштагы уулунан сүрөткө түшүү үчүн атын сурап алып качып кеткенин айткан.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (Тоноочулук) негизинде кылмыш иши козголуп, 9-ноябрда кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Н.Б. кармалган.

Ага чейин жазуучу, публицист Олжобай Шакир Фейсбуктагы баракчасына Болот Назаров бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жатканын, жакындары ал Чүйдүн Москва райондук милициясы тарабынан кармалып, камакка алынганын айтып жатышканын жазган.

Анын маалыматына караганда, Болот Назаровду тойго ырдатканы чакырышып, аягында чепкен жаап, ат мингизишкен. Кийин белек катары берилген жылкы ага чейин уурдалган деп ырчыны камап коюшкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты