Сот блогер жана активист Ырыс Жекшеналиевди актады

  • 5 месяцев мурун

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту блогер жана активист Ырыс Жекшеналиевге коюлган бардык айыптарды алып салып, аны толук актап чыгарды.   

Бул тууралуу укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасында билдирди.

Чачимди судья Нурбек Сатарбек уулу чыгарды.  

Мамлекеттик айыптоо Жекшеналиевди жети жыл эркинен ажыратууну суранган болчу.  

Өткөн жылы 14-августта Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалган. Буга УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон.  

Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык) 3-пунктуна (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Биринчи май райондук соту өткөн жылдын 16-августунда блогерди шаардагы №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган.

Бишкек шаардык соту өткөн жылы 26-октябрда активист жана блогер Ырыс Жекшеналиевди үй камагына чыгарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты