Активист Ырыс Жекшеналиев үй камагына чыгарылды

  • 2 года мурун

Бишкек шаардык соту 26-октябрда активист жана блогер Ырыс Жекшеналиевди үй камагына чыгарды.

Бул тууралуу адвокат Кантемир Турдалиев “Азаттыкка”  ырастады.

14-августта Фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору Ырыс Жекшеналиев кармалган. Буга УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган видеосун аталган баракчага жайгаштырганы үчүн милицияга чакырылып, камалганы белгилүү болгон.  

Аталган жагдайда кылмыштын курамы бар экендигине байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (массалык баш аламандык) 3-пунктуна (Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар) ылайык кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайына киргизилген. Биринчи май райондук соту 16-августта блогерди шаардагы №1 тергөө абагына эки айга камоо тууралуу өкүм чыгарган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты