Сот активист Тилекмат Куреновду эки айга камакта калтыруу чечимин кабыл алды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 14-майда, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Тилекмат Куреновду (Кудайберген уулу) эки айга камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Анын адвокаты Айбек Турдуев Куренов грыжасынан улам аксап жүргөнүн билдирди. Ошондой эле беткаптын алдында бети таптаза, эч кандай уруп-согуунун белгиси жок экенин айтты.
Тилекмат Куреновдун (Кудайберген уулу) сот отурумуна кирип бара жаткандагы видеосу бүгүн Интернет тармактарына тарады. Сотко алып кирип баратканда Куреновдун жакындары аны көрүп, ызы-чуу түшүштү. Видеодо Тилекмат Куренов аксап, балдак таянып. беткапчан баратканын көрүүгө болот.
21-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Куреновдун бөгөт чарасын карап, аны 2025-жылдын 19-майына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 19-апрелде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилди (Кудайберген уулу Тилекмат. Куренов -ред.).
Буга чейин Тилекмат Куреновго байланыштуу адамдар кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган массалык башаламандыкка шектелип кармалгандыгын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирген.
Активист Тилекмат Куренов 2021-жылы 15-мартта да кармалган. Соттун чечими менен Тилекмат Куренов бийликти күч менен басып алууга үндөө беренеси (кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) боюнча 1 жылга эркинен ажыратылган.
Сүрөттө: Тилекмат Куренов. Кармалганда УКМК басма сөз кызматы тараткан сүрөт.