Активист Тилекмат Куренов сотко алынып келинди

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 14-майда, активист Тилекмат Куренов (Кудайберген уулу) сотко алынып келинди. Анын сот отурумуна кирип бара жаткандагы видеосу Интернет тармактарына тарады.

Сотко алып кирип баратканда Куреновдун жакындары аны көрүп, ызы-чуу түшүштү. Видеодо Тилекмат Куренов аксап, балдак таянып баратканын көрүүгө болот.

21-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Тилекмат Куреновдун бөгөт чарасын карап, аны 2025-жылдын 19-майына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 19-апрелде  конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн К.у.Т. аттуу КР жараны БАЭден  кармалып, Кыргызстанга жеткирилди (Кудайберген уулу Тилекмат. Куренов -ред.).

Буга чейин Тилекмат Куреновго байланыштуу адамдар кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде каралган массалык башаламандыкка шектелип кармалгандыгын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирген.

Активист Тилекмат Куренов 2021-жылы 15-мартта да кармалган. Соттун чечими менен Тилекмат Куренов бийликти күч менен басып алууга үндөө беренеси (кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту) боюнча 1 жылга эркинен ажыратылган.

Сүрөттө: Тилекмат Куренов. Кармалганда УКМК тараткан сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты