“Социал-демократтар” партиясы депутат Лурованын айткандары боюнча билдирүү жасады
- 2 месяца мурун
“Социал-демократтар” саясий партиясы Жогорку Кеңештин депутаты Лейла Лурованын Еврапарламенттин депутаттарынын айткандары боюнча сын пикирине жооп иретинде билдирүү жасады.
2-апрелде депутат Лейла Лурова “Европарламент депутаттарынын Кыргызстандагы саясий репрессия, анын ичинде “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков боюнча маселе көтөргөндөрүн сынга алган.
“Биз Лурова айымдын Европарламент депутаттарынын “каратып туруп калп айтты” дегенин жана опппозицияга кысымды актоо, өлкөдөгү адам укугунун бузулушун жашыруу максатында жалган айтуу катары эсептейбиз. Темирлан Султанбековдун ишине ЖМК өкүлдөрү киргизилбей, иш жашыруун өтүүдө, ал тургай адвокаттарга да иш материалдары толук берилбей жатат, Султанбеков шайлоо жүрүп жаткан кезде, Конституцияны одоно бузуу менен кармалды” деп айтылат “Социал-демократтар” партиясынын билдирүүсүндө.
“Ушундай шартта “Кыргызстанда адам укугу сакталууда” деп Лурованын айтканы бул эки жүздүүлүк. Эл аралык коомчулуктун кадыресе эркиндикти сактоо талабын “козголоң” катары көрсөткөнү кейиштүү. 2023-жылы, бир жылда эле Кыргызстан ЖМК эркиндиги боюнча 50 позицияга түшүп кеткенин эске сала кетели. Биз Европарламенттин депутаттарына биздин абалга көңүл бурганы үчүн ыраазылык билдиребиз” деп айтылат «Социал-демократтар” партиясынын билдирүүсүндө.
“Биз эл аралык коомчулукту бизде болуп аткан көрүнүштөргө көңүл бурууга чакырабыз. Ал эми бийлик өкүлдөрүн пропаганда менен алектенбей, адам укугун жана демократияны сыйлоо боюнча келишимди (EPCA) сактоого чакырабыз” деди «Социал-демократтар» партиясы.
2-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Лейла Лурова Европарламент депутаттарынын «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков тууралуу айткандарын сынга алган.
“Мени Европарламент депутаттарынын президент менен жолугушуудагы ачыктан-ачык калпы абдан кабатыр кылды. Европарламент депутаттары эч кандай маалымат билбейбиз деди. Бул такыр туура эмес. Бул принциптин жоктугу, каратып туруп калп айтуу, мындай болбойт” деген депутат Лейла Лурова.
28-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, мүчөсү Ирина Карамушкина жана тарапташы Роза Түрксевердин иши боюнча сотто алдын ала угуу болду. Сот Темирлан Султанбеков, Ирина Карамушкина, Роза Түрксевердин камактагы мөөнөтүн дагы узартып, 2028-жылдын 28-майына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
“Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековго, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинага жана Роза Түрксеверге алдамчылык беренеси боюнча дагы бир кылмыш иши ачылып, сотко өткөн.
2024-жылы 14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Түрксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
2024-жылы 15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Түрксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Андан бери алардын абактагы мөөнөтү узартылып жатат.
Сүрөт: Социалдык тармактан