Чет өлкөлүк жарандын 1 миллион долларын карактоого шектүүлөр кармалды

17-ноябрда Бишкек шаарында чет өлкөлүк жарандын сумкасынан бир миллион доллар карактоо фактысы катталган. Аны карактоого шектүүлөр көзөмөл камералары аркылуу табылды.   

Ички иштер министрлиги билдиргендей, ошол күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Бишкек шаарындагы имараттардын бирине төрт киши кирип, жабырлануучуну тапанчага окшош буюм менен коркутуп, күч колдонуп, анын кара түстөгү сумкасын жана уюлдук телефондорун тартып алышкан.

Сумка ичинде болжол менен 988 500 АКШ доллары, 200 миң сом, уюлдук телефондор жана чет өлкөлүк паспорт болгон.

Бул акча каражаттары анын тааныштары тарабынан алынып келинип, логистикалык компанияга жеткирилиши керек болгон. Ошондой эле акча каражаты унаа алып келүүгө жумшалмакчы болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Карактоо) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө, анын ичинде «Коопсуз өлкө» долбоорунун видеокөзөмөл камералары аркылуу кылмышка шектүүлөр пайдаланган унаалар,  шектүүлөрдүн өз ара байланыштары жана окуядан кийинки кыймыл-аракеттери жазылып калган.

Натыйжада Бишкек шаарынан үч шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алар: 1971-жылы туулган А.Э., 1996-жылы туулган Л.Л. жана 2000-жылы туулган Н.А.

Мындан тышкары, андан аркы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө коңшу чет өлкөлүк мамлекеттин аймагына качып кетишкен бир нече жарандар кармалган. Алар: 2003-жылы туулган М.Б., 2008-жылы туулган К.Б., 2008-жылы туулган К.Б., 2001-жылы туулган С.Н., 1991-жылы туулган И.Д, 1996-жылы туулган Х.И. жана 2002-жылы туулган Б.А.

Учурда тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.

Ыкчам-тергөө иштеринин алкагында Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы үйлөрдүн биринен кара түстөгү сумканын ичинен 300 миң АКШ доллары аныкталып, далил буюм катары алынган.

Ошондой эле коңшу чет өлкөлүк мамлекеттин аймагында кармалган шектүүнүн унаасынан жогорудагы тартып алынган акча каражаттарынын бир бөлүгү 100 миң АКШ доллары табылган.

Мындан тышкары, Чүй районундагы айылдардын биринде контейнердин астынан 410 миң АКШ доллары табылган.

Тергөө улантылууда.

Чет өлкөлүк жарандын 1 миллион долларын карактоого шектүүлөр кармалды

Сүрөттөр жана видео: ИИМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты