ИИМ: Сыргак Кенжебаев кармалды
- 13 часов мурун
- Жаңылыктар
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы тарабынан массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш иши тергелүүдө. Ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында чет өлкөнүн аймагында К.С. аттуу жаран кармалды. (Сыргак Кенжебаев-ред.)
Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Тергөөдө аныкталгандай, Сыргак Кенжебаев буга чейин биргелешкен ишкердикти жүргүзүү шылтоосу менен алдоо жолу аркылуу жабырлануучу М.Н.нын 150 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдап алган. Аталган факты боюнча ага издөө жарыяланган.
«Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн Кенжебаев интернет-ресурстарга чагымчыл мүнөздөгү материалдарды, ошондой эле митингдерди өткөрүүгө, массалык башаламандык уюштурууга жана андан соң бийликти басып алууга чакырыктарды жарыялай баштаган. Аталган факты боюнча Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан массалык башаламандыкка чакыруу фактысы боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 36-беренесинде жана 278-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери менен кылмыш иши козголгон» деп айтылат маалыматта.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Сыргак Кенжебаев чет мамлекеттин аймагында кармалып, Кыргыз Республикасына жеткирилген. Ал Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө амалдары улантылууда.
Сүрөт: ИИМ




