Бишкек шаарында 2026-жылы 93 лифт модернизацияланат
- 7 часов мурун
- Жаңылыктар
«Бишкек шаар лифт» муниципалдык ишканасы 2026-жылы шаардагы 93 лифтти модернизациялоону пландоодо.
Бул тууралуу Бишкек шаарлык мэриясы билдирди.
Лифт жаңылоо иштери сентябрь айында башталган. Анын алкагында «Шумкар Лифт» компаниясы 67 лифтти, ал эми «Даэсунг Айдиэс» компаниясы дагы 26 лифтти жаңылайт.
Бүгүнкү күнгө карата 16 лифт жаңыланып, пайдаланууга берилди. Дагы 18 объектте иштер жыйынтыктоо алдында турат.
Маалытта айтылгандай, долбоор лифт жабдууларынын коопсуздугун жана ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле шаар тургундарынын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.
Сүрөт: Бишкек мэрия
Муну бөлүшүү




