Шакиевдин гимнди өзгөртүү сунушу. «Таан-тата-таан…» Гимн жаңырганда, куштар укпай учуп кетиптир дейт (Видео)
Айтылуу төрага Нурланбек Шакиев Кыргыз Республикасынын символдорун өзгөртүү сунушун берүү жагынан эч кимди алдыга сала элек. Кыргыздын туусун өзгөртүү сунушун айтып, ал каршылыкка карабай, колдоо тапты. Эми гимнди өзгөртөбүз деп ишенимдүү билдиргени жамы журтка белгилүү болду.
“Мен бир жөнөкөй эле мисалды айтайын. Бир учурда биздин президентибиз бир өлкөгө барды дейт, биздин гимнди ырдаганда, “таан-тата-таан” дегенде куштар биз тараптан учуп кете тургандай. Ал эми тосуп жаткан өлкөнүн гимнин ырдаганда сонун, куштар кайра келип конуп калды» дейт. Биз ошондой, 5 жаштан 90 жашка чейинкилер ырдай ала турган жөнөкөй, татыктуу, жакшынакай гимнди жазышыбыз керек” деди Шакиев 25-октябрда Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада, ошондой эле парламентте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган жыйынында да айткан.
Өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов «мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок» экенин, коомчулукта кызуу талкууга жол ачкан сөзү анын жеке пикири экенин жазган.
Гимнди өзгөртүү сунушу коомчулукта кызуу талкууга алынып, каршы пикирлерге кабылды. Сурамжылоодо да борбор шаардыктар ой-пикирин билдирди. (Видео)




