Алтай жеринде Манастын эстелигин орнотуу сунушталды
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Алтай жеринде Манастын эстелигин орнотуу демилгесин сунуш кылды.
Бул тууралуу мамлекеттик катчы «Өр Алтай – түрк элдеринин ата мекени» аттуу III эл аралык илимий-практикалык конференциясында билдирди.
Алтайды түрк элдеринин тарыхый эс-тутумун, тилин, маданиятын жана дүйнөтаанымын изилдөөдө өзгөчө мааниге ээ болгон тарыхый мейкиндик катары белгиледи.
Анын айтымында, Алтайды изилдөө бир гана өткөн тарыхты таануу эмес, түрк цивилизациясынын калыптануу жолдорун терең түшүнүүгө мүмкүндүк берген маанилүү илимий багыт болуп саналат.
Мамлекеттик катчы кыргыз элинин тарыхын Алтайдын тарыхынан бөлүп кароого болбой турганын белгилеп, тарыхый процесстерди археология, антропология, этнография, лингвистика, фольклористика жана палеогенетика сыяктуу илимдердин өз ара байланышы аркылуу комплекстүү изилдөөнүн зарылдыгын айтты.
Ал эпосту кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн, тарыхый эс-тутумунун жана дүйнөтаанымынын улуу мурасы катары белгилеп, «Манастын» Алтай аймагы менен байланышкан мотивдерин жана Саян-Алтай элдеринин эпикалык салттары менен окшоштуктарын терең изилдөө зарылдыгын айтты.
Ушуга байланыштуу мамлекеттик катчысы Алтай жеринде эпикалык баатыр Манастын эстелигин орнотуу демилгесин расмий түрдө сунуш кылды.
Анын пикиринде, жалпы тарыхый жана маданий мурасты изилдөө элдердин өзгөчөлүгүн жокко чыгарбайт, тескерисинче, ар бир элдин тарыхый ордун жана өзгөчөлүгүн тереңирээк түшүнүүгө шарт түзөт.
Кыргыз Республикасы Казакстан, Алтай, Сибирь, Кавказ, Кичи Азия жана Борбор Азиядагы илимий борборлор менен тарых, археология, этнография жана маданият багыттарындагы байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




