Нурланбек Шакиев гимнди өзгөртүү керек экендигин айтты (видео)
- 2 недели мурун
- Видео
Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев мамлекеттик туунун аркасынан мамлекеттик гимнди да өзгөртүү керек экендигин айтты.
Ал бул билдирүүсүн бүгүн, 25-октябрда Соода-өнөр жай палатасынын 65 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада, ошондой эле парламентте Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган жыйынында да айткан.
Шакиевдин айтымында, гимндин сөздөрү азыркы учурга ылайык келбейт жана аны ырдоо кыйын. Мындан улам ал 5 жаштан 95 жашка чейин оңой ырдала турган гимн керек экендигин айткан.
«Биз бүгүнкү күндө тууну өзгөрттүк, гимнди да өзгөртүшүбүз керек. Себеп дегенде гимнди кабыл алганда советтер союзунун курамынан чыгып, алгачкы азаттык кадамдарында жазганбыз. Ырдаганга да оор, ар бир кыргыз бул гимнди ырдай албайт, бул марш. Ошон үчүн Жогорку Кеңештин укугу, Жогорку Кеңештин милдети, биз жакында гимнди өзгөртөбүз. Гимн ар бир кыргыз, 1-класстан баштап 85-90го чыккан биздин ак сакалдарыбыз, апаларыбыз дагы ырдай турган жөнөкөй, жакшы, бутуна турган кыргыз эли, кыргыз мамлекетинин гимни болушу керек. Ушул боюнча биз иш алып барабыз, биз гимнди өзгөртөбүз. Себеп дегенде биз гимнди кабыл алганда советтер союзунун убагынан чыккан маал болгон. Азыр биз толук бутуна турган, кадыресе өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз. Ошон үчүн биз гимнди өзгөртүшүбүз керек. Бардык кыргыз эли ырдай турган гимн болуш керек»,- деген Нурланбек Шакиев.
Сүрөт: интернет булактары