V Элдик курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу курамына өзгөртүү киргизилди

  • 2 часа мурун

Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V элдик курултайды өткөрүү жөнүндө» жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жарлыкка кол койду.

Жарлык менен  Мамбеткерим Чекиров, Аяз Баетов, Канат Сагынбаев курамдан чыгарылды.

Алардын ордуна Алмаз Айылчиев юстиция министри, Алмаз Имангазиев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Чолпонкул Арабаев Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридикалык институтунун юриспруденция кафедрасынын башчысы, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор, Сулайман Кайыпов — тарых илимдеринин доктору, профессор курамга киргизилди.

Элдик курултай 2026-жылдын 18-декабрында өтөт.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты