Президенттин маалымат катчысы гимндин өзгөртүлүшү боюнча маалымат берди
- 2 месяца мурун
Өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагозов «мамлекеттик гимн өзгөртүлөт деп дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок» экендигин билдирди. Бул тууралуу Алагозов өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.
Ал коомчулукта кызуу талкууга жол ачкан Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин парламентте гимнди өзгөртүү тууралуу сүйлөгөн сөзүн анын жеке пикири катары гана кабыл алуу керек деп эсептей турганын жазган.
«Эгерде мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгеси көтөрүлө турган болсо, анда анын сөзүнө, музыкасына сөзсүз түрдө ачык сынак жарыяланып, ага акындар, жазуучулар, композиторлор, философтор, айтор мамлекетибиздин гимнин ийине жеткире иштеп чыгууга дараметим жетет дегендер катышып, алардын иши калктын көпчүлүк катмарынын колдоосуна ээ болушу керек»,- деген Алагозов.
Ал «бул болсо бир топ убакытты аларын, андыктан азыр гимн өзгөрөт экен деп дүрбөлөң түшүүгө негиз жок» экендигин айткан.
Ошондой эле Алагозов: «Көпчүлүк эл колдобосо азыркы гимнибизди өзгөртүүгө деле зарылдык болбойт»,- деп билдирген.
Эске салсак, бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев парламенттин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун биринчи жетекчиси Иманалы Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган жыйынында мамлекеттик гимнди өзгөртүү керек экендигин айткан. Анын айтымында, гимндин сөздөрү советтер союзунун курамынан чыккан убакта кабыл алынган жана аны ырдоо кыйын.
Сүрөт: интернет булактары