Курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди

Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 14-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын аймагына курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. 

Документке ылайык, тыюу салуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган инвестициялык долбоорлордун алкагында импорттолгон товарларга жайылтылбайт.

Ошондой эле Министрлер кабинетинин чечимдери менен жактырылган инвестициялык макулдашууларды, ошондой эле, улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегине киргизилген долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ташып келинүүчү, тиешелүү долбоорго бекитилген жооптуу куратордун товарлардын ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн ташып келингендигин ырастоочу расмий каты болгон учурда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты