Шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузуу боюнча талапкер Өмүрзаковго айып салынды
- 1 месяц мурун
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 13-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы жөнүндө маселени карап, тиешелүү чечимдерди кабыл алды.
Facebook социалдык тармагындагы Махмуд Абдубалиев аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видео материалдарга ылайык, № 10 шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Сүйүнбек Өмүрзаковдун шайлоо алдындагы үгүт шарттарын бузгандыгы аныкталган.
Аталган колдонуучу жарыялаган видеодо талапкер газон жана балдар бакчасын жасап берип жаткандыгы айтылган.
Жумушчу топ талапкер Өмүрзаковго ккук бузуулар жөнүндө кодексинин 65-беренесинде каралган 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү административдик айып пул түрүндө жоопкерчилик чарасын колдонууну сунуштады.
БШК жумушчу топтун чечиминин негизинде протокол түзүп, талапкер Өмүрзаковго 75 эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып пул салуу милдетин жүктөдү.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.




