Шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт

  • 2 года мурун

Эртең, 29-декабрда, саат 11:00дө парламент имаратында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт.

Бул тууралуу Жогорку Кенештин басма сөз кызматы билдирди.  

28-ноябрда Кыргызстанда аралаш система боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Ага бирдиктүү шайлоо округунан 21 партия жана бир мандаттуу округдардан 282 талапкер катышты.

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы 90 депутаттан турат. 54 депутат партиялык тизме боюнча шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты