Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – Киберкоопсуздукту камсыздоо борборунун директору болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Уранбек Шадыбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин Даниэл Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары — УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулду.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын үч орун басары кызматтан бошотулду.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Сүрөт: president.kg




