Шаардык сотто сот аткаруучулар “Апрель” телеканал журналисттеринин ишине тоскоолдук кылышты (Видео)
- 2 месяца мурун
- Видео
(Видео)Бүгүн, 2-декабрда, Бишкек шаардык сотунда “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын кароо учурунда сот аткаруучулар “Апрель” телеканалынын журналисттеринин видео тасма тартуу учуруна тоскоолдук келтиришти.
Ал эми сот процесси аяктагандан кийин камерасы менен телефонду талашып, ал тургай күч да колдонуп жиберишти.
Бүгүн, 2-декабрда, Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лилери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды. Ошондой эле бүгүн «Социал-демократтар» партиясынын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди келерки жылдын 13-январына чейин камакта калтыруу боюнча Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.
15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Турксеверди 2 айга камакка алуу чечимин чыгарды.
Видео: Апрель ТВ.
Сүрөт: Видео тасмадан.