Шаардык сот Ирина Карамушкинаны эки айга камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырды

Бүгүн, 2-декабрда, Бишкек шаардык сотунда «Социал-демократтар» партиясынын өкүлдөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга, келерки жылдын 13-январына камакка алуу боюнча Свердлов райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Бүгүн, 2-декабрда, Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лилери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасы боюнча аппеляциялык арызын карап, Свердлов райондук сотунун эки айга камаган чечимин күчүндө калтырды.

15-ноябрда Бишкектин Свердлов райондук соту «Социал-демократтар» партиясынын жетекчиси Темирлан Султанбековду, партиянын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Түрксеверди 2 айга, келерки жылдын 13-январына чейин камакка алуу чечимин чыгарды.

14-ноябрда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.

Ошондой эле Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алган.

Видео: АпрельTV

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты