Шаардык сотто Канышай Мамыркулованын иши боюнча сот отуруму өттү

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 8-декабрда, Бишкек шаардык сотунда эркин журналист Канышай Мамыркулованын апелляциясы боюнча сот отуруму өттү.

Бул тууралуу социалдык тармакта сотко катышкан активисттер кабарлады.

Сот адвокаттардын өтүнүчүн канаттандырып, сотко күбө катары активист Атай Бейшенбекти чакыруу талабын канааттандырды.

Кийинки сот отуруму 18-декабрда саат 16:30да Бишкек шаардык сотунда өтөт.

Буга чейин 17-ноябрда сот отурум болгон.

3-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда Канышай Мамыркулованы 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Жазанын 4 жылын пробациялык көзөмөл режиминде өтөмөй болду. Журналист сот залынан бошотулган.

Адвокаттардын айтымында, Канышай Мамыркулова 4 жыл пробациялык көзөмөлдө болсо, жазасын толук өтөгөн катары эсептелет.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан 20-мартта Канышай Мамыркулова массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган.

Сүрөт: 8-декабрь 2025-жыл. Сотто. Социалдык тармактан    

  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты